Бишкек шаарында коомдук транспорттун инфраструктурасын өнүктүрүү иштери уланууда.  «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Акылдуу аялдама» социалдык долбоорунун алкагында шаардагы аялдамаларга 15 интерактивдүү маалыматтык панель орнотулду. Учурда аларды орнотуу иштери улантылууда.

Мындан тышкары, AUGUL компаниясы менен биргеликте Айни көчөсү – Ч.Айтматов проспектиси аялдамасына коомдук транспорттун жакындап калганын жүргүнчүлөргө кабарлоочу маалыматтык такта орнотулду.

Интерактивдүү панелдер аркылуу жүргүнчүлөр автобустардын номерлери, каттамдардын багыттары жана көздөгөн жерине чейинки аралык тууралуу маалымат ала алышат. Бул шаар тургундарына жана конокторуна коомдук транспорттун каттамдарында оңой багыт алууга жардам берет.

Долбоор заманбап технологияларды колдонуу аркылуу коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуулугун жогорулатууга багытталган.

Шаардын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери улантылууда.