Сейтек балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын, рэкетчиликтин жана зомбулуктун алдын алууга арналган райондук иш-чара өттү.
Иш-чарага Биринчи май администрациясынын башчысынын орун басары Чынара Жаныкеева, райондук прокуратуранын орун басары Марат Турсуналиев, райондук ички иштер башкармалыгынын начальниги Эрназар Дүйшекеев, социалдык өнүктүрүү, билим берүү, органдарынын жана мектептердин жетекчилери, ошондой эле окуучулар, ата-энелер катышты.
Форумдун ачылышында мектеп рэкетчилиги, өспүрүмдөр арасындагы зомбулук, миграциянын балдарга тийгизген таасири жана ата-энелик көзөмөлдүн маанисин чагылдырган тарбиялык сценка көрсөтүлдү.
Форумда балдардын коопсуздугу, ата-энелердин жоопкерчилиги жана укук бузуулардын алдын алуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле балдарды тарбиялоого жана өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулардын алдын алууга салым кошкон мектеп жетекчилери, билим берүү кызматкерлери жана жашы жете электер менен иштөө инспекторлору сыйланды.







