Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 109 «Жерлерди өз алдынча басып алуу фактыларынын алдын алуу жана жол бербөө боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу иштерин улантууда.
2026-жылдын 19-октябрынан 23-октябрына чейин Бишкек шаарынын аймагында жеңил типтеги 44 объект жана 33 капиталдык курулуш демонтаждалды. Натыйжада муниципалдык жердин 7 664 чарчы метри бошотулду.
Иштер мажбурлоо тартибинде да, ыктыярдуу негизде да жүргүзүлдү. Башкармалыктын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин бир катар объект ээлери мыйзамсыз жайгаштырылган курулуштарды өз алдынча демонтаждашты.
Мындан тышкары, көрсөтүлгөн мезгилде жер мыйзамдарын бузгандыгы үчүн, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин өз алдынча ээлеп алуу жана бөлүнүп берилген же бекитилген жер тилкесинин аянтын мыйзамсыз кеңейтүү фактылары боюнча жалпы суммасы 1 миллион 992 миң сомду түзгөн 52 протокол түзүлдү.
Борбор калаанын мэриясы шаар тургундарын жана ишкерлерди жер мыйзамдарынын талаптарын сактоого чакырат.
Эскерте кетсек, тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз объекттерди курууга, ошондой эле учурдагы жер тилкелеринин жана курулуштардын чектерин кеңейтүүгө жол берилбейт. Эгерде мыйзам бузуулар аныкталса, мыйзамда белгиленген тартипте мыйзамсыз объекттерди демонтаждоого чейин тиешелүү чаралар көрүлөт.













