25-октябрда Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык бакта Карылар күнүнө карата Бишкек шаарынын пенсионерлери арасында өтүп жаткан спартакиаданын алкагында жеңил атлетика боюнча мелдештер өткөрүлдү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Канатбек Маматов жана Кыргызстан пенсионерлер фондунун төрайымы Замира Шабданалиева катышты.
Канатбек Маматов өз сөзүндө катышуучуларга активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, улуу куракта дене тарбия жана спорт менен машыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле өмүрлүк тажрыйбасы, эмгеги жана акылмандыгы менен урмат-сыйга татыган улуу муундун өкүлдөрүнө терең ыраазычылык билдирди. Ал катышуучуларга бекем ден соолук, узак өмүр жана бакубатчылык каалады.
Спартакиаданын негизги максаты — улуу муун арасында дене тарбияны жана спортту жайылтуу, пенсионерлерди спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга, активдүү эс алууга жана сергек жашоо образына тартуу.
Мелдештердин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери дипломдор, кубоктор жана сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле активдүү катышуучуларга эстелик белектер тапшырылды.
3 250 метр аралыкка чуркоо боюнча эркектер арасында:
1-орун — Абдылда Калдыбаев;
2-орун — Анаркул Баитов;
3-орун — Василий Вавильченков.
Аялдар арасында:
1-орун — Ирина Пшеничникова;
2-орун — Акылай Тургунбаева;
3-орун — Айымкыз Батырканова.
6 000 метр аралыкка чуркоо боюнча эркектер арасында:
1-орун — Талант Стамалиев;
2-орун — Виктор Берсенев.
Аялдар арасында:
1-орун — Маргарита Трифонова;
2-орун — Эльмира Смадиярова.
2 750 метр аралыкка спорттук басуу боюнча эркектер арасында:
1-орун — Владимир Лецкий;
2-орун — Николай Курков;
3-орун — Федор Доценко.
Аялдар арасында:
1-орун — А. Батырканова;
2-орун — Б. Асаналиева;
3-орун — Марина Качкенова.
Спартакиада 29-октябрда стол тенниси, ал эми 31-октябрда шахмат боюнча мелдештер менен уланат.
Мелдештерге 60 жаштан жогорку курактагы пенсионерлер катыша алышат.











