«SOS Балдар айылдары Кыргызстан» фонду «Турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды эрте аныктоо жана баланын кызыкчылыктарын коргоо» темасында тренинг өткөрдү.
Иш-чарага Свердлов райондук муниципалдык администрациясынын башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова, Балдар иштери боюнча комиссиянын мүчөлөрү, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, ички иштер органдарынын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү, ошондой эле мектептердин социалдык педагогдору катышты.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү жана балдарды эрте аныктоо, жашы жете электердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, аларга зарыл жардамды өз убагында көрсөтүү жана мекемелер аралык кызматташууну жолго коюу маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле адистердин жоопкерчилигин жогорулатууга жана колдоого муктаж үй-бүлөлөр менен иш алып баруу ыкмаларын өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чара турмуштук оор кырдаалдарды эрте аныктоо механизмдерин өркүндөтүүгө, мекемелер аралык кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле оор кырдаалга кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө өз убагында жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга багытталган.



