2026-жылдын 26-октябрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында «Борбор Азия Романсиадасы» X эл аралык конкурсунун гала-концерти өттү. Иш-чара Бишкектеги Илим жана маданият боюнча Россия борборунун — Орус үйүнүн 15 жылдыгына арналды.
Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кеңешчи-элчиси Екатерина Чистова катышты.
Иш-чаранын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештер жана эл аралык гуманитардык кызматташтык боюнча федералдык агенттиктин (Россотрудничество) жетекчиси Игорь Чайканын видео кайрылуусу көрсөтүлдү.
Гала-концерттин музыкалык программасын Урмат Тентимишовдун жетекчилиги астындагы Бишкек шаарынын мэриясынын Чоң симфониялык оркестри коштоду.
Кеченин жүрүшүндө конкурстун катышуучулары жана калыстар тобунун мүчөлөрү өнөрлөрүн тартуулап, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү.
«Борбор Азия Романсиадасы» — чыгармачыл байланыштарды чыңдоого, тажрыйба алмашууга жана өлкөлөр ортосундагы маданий алакаларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн маанилүү аянтча. Конкурс өткөрүлүп келген жылдар аралыгында Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген жүздөгөн жаш аткаруучулардын чоң сахнага жол ачуусуна шарт түздү.
Конкурсту өткөрүү музыкалык искусствону өнүктүрүүгө, жаш таланттарды колдоого жана өлкөлөрдүн ортосундагы маданий кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.











