Бишкек шаарынын райондорунда жер тилкелерин өз алдынча басып алуу жана мыйзамсыз курулуштарды аныктоо, ошондой эле алардын алдын алуу максатында туруктуу негизде рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Свердлов районунда рейддер № 304 муниципалдык аймактык башкармалыгынын   аймагында, анын ичинде «Адилет» жана «Нуркожо-Ата» жаңы конуштарында, ошондой эле № 305 МАБнын аймагындагы «Красный Строитель»  конушунда жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө жер тилкелерин өз алдынча басып алуу жана мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталган жок.

Ленин районундагы «Кудайберген»  конушунда мыйзамсыз курулуш жүргүзүүнүн эки фактысы катталды. Бул фактылар боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кароо максатында Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жөнөтүлдү.

Биринчи Май районундагы № 207 МАБнын аймагында, «Теңдик»  конушунун № 378 контурунда бош жер тилкелерине пайдубал куюу боюнча үч мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Мындан тышкары, «Үмүт»  конушунда айыл чарба багытындагы жер тилкесине курулган пайдубал буздурулду.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча материалдар тиешелүү чараларды көрүү үчүн Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Октябрь районундагы № 232 контурда мыйзамсыз курулуш жүргүзүүнүн эки фактысы аныкталды. Тактап айтканда, жарандар пайдубал куюу иштерин башташкан. Иштер токтотулуп, тиешелүү материалдар кароо үчүн Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Натыйжада, эки жаран тең куюлган пайдубалдарды өз ыктыяры менен бузуп, айыл чарба багытындагы жер тилкелерин баштапкы абалына келтиришти.

Рейддик иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 109 «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын аткаруу максатында бекитилген пландын алкагында жүргүзүлүүдө.

Рейддерден тышкары, кварталдык комитеттердин өкүлдөрү, жергиликтүү активисттер, аксакалдар соттору жана тиешелүү кызматтар менен биргеликте калк арасында түшүндүрүү иштери да жүргүзүлүүдө. Тургундар менен жолугушууларда, жетекчилердин жарандарды кабыл алууларында жана комиссиялык текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жер мыйзамдарынын талаптары, ошондой эле жер тилкелерин өз алдынча басып алууга жол берилбестиги түшүндүрүлөт.

Ошондой эле жарандарга мындай мыйзам бузуулар үчүн мыйзамдарда каралган жоопкерчилик жөнүндө эскертүүлөр берилет.