Бишкек шаарындагы «Акниет» турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын борборунда жаңы оюн жана спорт аянтчалары ачылды.
Борбордун аймагында воркаут менен машыгууга ылайыкталган жабдуулары жана балдарды күндөн, жаан-чачындан коргоочу бастырмасы бар балдар оюн аянтчасы уюштурулду. Мындан тышкары, футбол, баскетбол жана волейбол ойноого ылайыкталган универсалдуу спорт аянтчасы жабдылды. Оюн жана спорт аянтчаларынын жалпы аянты 799 чарчы метрди түзөт.
Иш-чарага Бишкек шаардык мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Нурзада Шамканова жана ага караштуу социалдык мекемелердин жетекчилери катышты.
Иш-чаранын коноктору үчүн борбордун тарбиялануучулары жана кызматкерлери тарабынан концерттик программа даярдалды.
Жаңы оюн жана спорт аянтчалары борбордун тарбиялануучуларына активдүү эс алууга, дене тарбия жана спорт менен машыгууга, ошондой эле таза абада убакытты пайдалуу өткөрүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Жүргүзүлгөн оңдоо иштери балдардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана күз-кыш мезгилинде борбордо ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
Маалымат үчүн: «Акниет» борбору турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга, анын ичинде мыйзам менен карама-каршылыкка туш болгон жашы жете электерге социалдык, психологиялык, медициналык жана юридикалык жардам көрсөтөт.
Борбордун ишмердүүлүгү балдардын укуктарын коргоого, аларды реабилитациялоого жана социалдык макамын калыбына келтирүүгө багытталган.
Балдарды борборго жайгаштыруу Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын алдындагы Балдар иштери боюнча комиссиялардын чечимдеринин негизинде жүргүзүлөт.
Учурда «Акниет» борборунда 26 тарбиялануучу убактылуу жашап жатат.











