23–25-октябрь күндөрү Тажикстандын Душанбе шаарында дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында тарыхта биринчи жолу жаштар арасындагы Гран-при сериясындагы эл аралык турнир өттү.
Эл аралык мелдешке 19 өлкөдөн 227 спортчу катышты.
Бишкек шаарындагы спорттук күрөш боюнча ОРАБӨСМдин тарбиялануучусу Фадиль Исмагамедов 100 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль жеңип алды.
Спортчуну жеңиши менен куттуктап, мындан аркы мелдештерде дагы көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз!


