2026-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы социалдык объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Алгач шаар башчысы «Ак-Бата» конушунда ар кандай спорт түрлөрү менен машыгууга арналган спорт комплексинин курулушун көрүп чыкты.

Имаратта эки спорт залы каралган. Алардын бири дзюдо менен машыгууга, экинчиси футбол, гандбол жана волейбол ойноого ылайыкталган. Ошондой эле долбоордо эркектер жана аялдар үчүн өзүнчө кийим алмаштыруучу бөлмөлөр каралган. Ал эми экинчи кабатта машыгуу залы жайгашат.

Бүгүнкү күндө имараттын каркасын тургузуу иштери 100 пайызга аткарылып, дубалдарды коюу иштери 90 пайызга аяктады.

Мэр курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүү үчүн зарыл болгон күчтөрдү жана ресурстарды тартууну, ошол эле учурда бардык сапат талаптарынын сакталышын камсыздоону тапшырды. Аймакты көрктөндүрүүдө жашылдандырууга өзгөчө көңүл буруп, жалбырактуу бак-дарактарды отургузуу зарылдыгын белгиледи.

Андан соң Айбек Джунушалиев Ак-Бата-3 көчөсүндө салынып жаткан жаңы мектептин курулушун текшерди. Учурда мектеп имаратынын дубалдарын көтөрүү иштери толугу менен аяктады. Ички шыбак иштери жана тышкы инфраструктураны куруу иштери уланууда. Бүгүнкү күнгө карата курулуш иштеринин жалпы көлөмү 80 пайызды түзөт.

Шаар башчысы аткарылып жаткан иштердин сапатын талаптагыдай камсыздоону жана курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, мэр Энергетиктер шаарчасындагы «Алёнушка» бала бакчасына барды. Белгилей кетсек, буга чейин аталган имарат муниципалитеттин карамагына кайтарылган.

Объектти көрүп чыгуунун жыйынтыгында бала бакчанын айланасын иретке келтирүү жана имаратта оңдоо иштерин баштоо тапшырылды. Ошондой эле Айбек Джунушалиев бала бакчанын жанында балдардын чыгармачылык борборун куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.