2026-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Гагарин көчөсү, 2/6 дарегинде жайгашкан ОРМЗ заводунун клубунун имаратындагы №1361 шайлоо участогунун абалы менен таанышты.

Жерине барган учурда шаар башчысы имараттын фасадынын жана ага чектеш аймактын абалына көңүл буруп, аймакты көрктөндүрүү жана объектти талаптагыдай абалга келтирүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Мэр объекттин өкүлдөрүнө имараттын фасадын иретке келтирүүнү, ага чектеш аймакты көрктөндүрүүнү жана объекттин белгиленген талаптарга ылайык болушун камсыздоону тапшырды.

«Коомдук жайды мындай абалда кармоого болбойт. Имаратты жана ага чектеш аймакты иретке келтирип, эскиздик долбоорлорду иштеп чыгып, ишке киришүү зарыл. Эгерде иштер алдыга жылбаса, муниципалитет тиешелүү чараларды көрөт», — деп баса белгиледи Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев.

Белгилей кетсек, административдик-аймактык реформанын (ААР) алкагында аталган объект Свердлов районунун аймагына карайт.