2026-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жусуп Абдрахманов көчөсүн (мурдагы Элебесов көчөсү) реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн кайрадан текшерди.

Курулуш иштери Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолго чейинки тилкеде жүргүзүлүүдө. Реконструкцияланып жаткан жолдун узундугу 1 460 метрди түзөт. Подрядчы уюм катары Xinjiang Huahui Hengtong Construction Work Co., Ltd. эл аралык компаниясынын филиалы иш алып барууда.

Долбоорго ылайык, жолдун жүрүүчү бөлүгүн төрт тилкеге чейин кеңейтүү, тротуарларды куруу, ирригациялык тармактарды тартуу, инженердик коммуникацияларды жаңылоо жана көчө жарыктандыруусун орнотуу каралган.

Реконструкцияга даярдык көрүү иштеринин алкагында жалпы 32 объект демонтаждалды. Буга чейин аталган тилкеде мэрдин жетекчилиги алдында көчмө жыйын өткөрүлүп, анын жыйынтыгында эки кабаттуу чарбалык объект бузулган.

Учурда жол боюндагы мамыларды жылдыруу, суу түтүктөрүн тартуу, топуракты ташып чыгаруу жана жер астындагы электр кабелдерин төшөө иштери уланууда. Тиешелүү кызматтардын ишин координациялоо жана жаралган маселелерди ыкчам чечүү максатында объекттин аймагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) жумушчу чатыры орнотулуп, анда тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү иш алып барышууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев подрядчы уюмга реконструкция иштеринин темпин тездетүүнү, белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышын камсыздоону жана аткарылып жаткан иштердин сапатына техникалык көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Кошумча ресурстарды тартуу жана иштерди тездетүү максатында шаардык кызматтардын бир нече бригадасын тартуу милдети коюлду. Ал эми райондук администрациянын башчысына иштердин жүрүшүнө туруктуу көзөмөл жүргүзүү жана жооптуу кызматтар менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоо тапшырылды.