2026-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарындагы Тез жардам медициналык борборунда Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы саламаттык сактоо системасын башкаруу боюнча Координациялык комиссиянын жана социалдык маанидеги, өзгөчө коркунучтуу инфекциялык оорулар боюнча шаардык көп секторлуу координациялык комитеттин жыйыны болуп өттү. Жыйынга Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева төрагалык кылды.

Жыйындын жүрүшүндө борбор калаанын тургундарынын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулугун камсыз кылууга багытталган бир катар актуалдуу маселелер каралды.

Атап айтканда, 2025–2030-жылдарга карата Иммунопрофилактика программасын ишке ашыруу, Бишкек шаарындагы кургак учук боюнча эпидемиологиялык кырдаал жана аталган оорунун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Мыйзамынын аткарылышы каралды.

Ошондой эле катышуучулар курч респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык кырдаалды, сезондук оорулардын алдын алуу чараларын, ошондой эле Бишкек шаарынын аймагындагы күйдүргү оорусунан өлгөн малдын калдыктары көмүлгөн жайлардагы саркофагдардын абалын жана аларды талаптагыдай күтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулашты.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү шаардык кызматтардын өкүлдөрү жана жооптуу адистердин баяндамалары угулуп, каралган маселелер боюнча талкуулар болду.

Өзгөчө көңүл тиешелүү кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, инфекциялык оорулардын жайылышына жол бербөө жана борбор калаанын калкынын ден соолугун коргоого багытталган алдын алуу иш-чараларын өркүндөтүү маселелерине бурулду.