Свердлов районунда бекитилген графикке ылайык, райондун бардык мектептеринде ата-энелер жана билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлүүдө. Жолугушууларга район башчысынын орун басары Айнура Арстамбекова, райондук ички иштер башкармалыгынын, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын башкармалыгынын, Билим берүү борборунун жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү катышууда.
Жолугушуулардын негизги максаты — жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, мектеп чөйрөсүндө буллингге, зомбулукка жана башка терс көрүнүштөргө жол бербөө маселелерине көңүл буруу. Ошондой эле балдардын коопсуздугун камсыз кылуу, ата-энелердин жашы жете элек балдарды тарбиялоодогу жоопкерчилигин жогорулатуу жана алардын бош убактысын коопсуз, пайдалуу өткөрүүсүн уюштуруу маселелери талкууланууда.
Жолугушуулардын жүрүшүндө чыр-чатактуу кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана алдын алуу, балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү үчүн ата-энелердин, мугалимдердин жана тиешелүү кызматтардын биргелешип иш алып баруусунун маанилүүлүгү белгиленди.
Мындай жолугушуулар бекитилген графикке ылайык Свердлов районундагы бардык мектептерде улантылат.




