Бүгүнтөн тартып Бишкек шаарында жылуулук берүү иштери башталды.

Саат 13:00гө карата «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын тейлөөсүндөгү объектилердин 16 пайызы жылытуу системасына кошулду. Абоненттерди жылуулукка кошуу иштери уланууда.

Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Экинчи кезекте мурда керектелген жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана объекттин кышкы шарттарда иштөөгө даярдыгы тууралуу актысы бар турак үйлөргө, өнөр жай ишканаларына жана мекемелерге жылуулук берилет.

Жылуулук бериле баштагандан кийин адистер жабдуулардын иштешин текшерип, жылуулук менен камсыздоонун параметрлерин жөнгө салып, системада жылуулук алып жүрүүчү суунун бир калыпта бөлүштүрүлүшүн камсыз кылышы керек.

Жылытуу системасына кошуу учурунда түтүктөргө ысык суу акырындык менен толтурулуп, адистер үйлөрдөгү жабдууларды этап-этабы менен ишке киргизип, жөнгө салышат. Бул процесс белгилүү бир убакытты талап кылгандыктан, системаны жөнгө салууга жана жабдуулардын иштешин текшерүүгө бир нече күн кетиши мүмкүн. Бул мезгилде ысык суу менен камсыздоодо убактылуу үзгүлтүктөр болушу ыктымал.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Эгерде кандайдыр бир мүчүлүштүктү байкасаңыз же жылуулук же ысык суу узак убакытка чейин берилбей жатса, ишкананын колл-борборуна төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз:

* 0557 61-11-66;

* 0777 61-11-66;

* 0701 61-11-66;

* 0312 61-11-69;

* 1980 — «Кыргызтелеком» ААКсынын абоненттери үчүн акысыз чалуу.