2026-жылдын 28-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев коомдук транспорттун айдоочулары менен жыйын өткөрүп, анда «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын жаңы директору Бактияр Болотбекович Болотбековду тааныштырды.

Шаар башчысы жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана кадр жетишсиздиги маселесин чечүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

«Биз жаңы автобустарды сатып алып, жакында эле автобус паркын толуктадык. Бирок силер ушундай айдап, транспортко ушундай мамиле кыла берсеңер, жакында автобустар калбай калышы мүмкүн. Мэрия өз милдеттерин аткарып жатат: автобустарды сатып алууда, айдоочулар бири-бири менен жарышып айдабоосу  үчүн пландык системаны жокко чыгарды жана силер жол киренин кайтарымын берүү менен алаксып калбашыңар үчүн накталай эмес төлөм системасын киргизди. Муниципалитет өз милдеттерин аткарууда. Анда эмне үчүн силер өз милдеттериңерди аткарбай жатасыңар?» — деп кайрылды мэр Айбек Джунушалиев айдоочуларга.

Жол кыймылынын эрежелерин бузуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Мэр Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына караштуу Жол кайгуул кызмат башкармалыгы менен биргеликте автобустардын айдоочуларына көзөмөлдү күчөтүүнү жана аныкталган ар бир мыйзам бузуу фактысы боюнча административдик протокол түзүүнү тапшырды.

«Эгер айдоочу жол кыймылынын эрежелерин бузса, анда мыйзамдуу түрдө суроо жаралат: эмне үчүн ал автобусту башкарууну улантып жатат? Ар бир адам эрежелерди сактап, өз аракеттеринен адамдардын өмүрү көз каранды экенин түшүнүшү керек», — деп баса белгиледи шаар башчысы.

Белгиленгендей, бүгүнтөн тартып автобустардын айдоочулары тарабынан аныкталган ар бир жол кыймылынын эрежесин бузуу фактысы боюнча административдик протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынат. Айып пулдарды айдоочулар өздөрү төлөөгө милдеттүү болушат. Мындан тышкары, эреже бузуулар катталган автобустар айып короосуна киргизилет. Аны менен байланышкан чыгымдар да белгиленген тартипте күнөөлүү айдоочуларга жүктөлөт.

Коомдук көзөмөлдү күчөтүү максатында автобустарга бирдиктүү WhatsApp номери жазылып, жүргүнчүлөр ал аркылуу жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары боюнча фото жана видеоматериалдарды жөнөтө алышат.

Ошондой эле шаар башчысы айрым айдоочулардын жумуш убактысы өтө узак болуп жатканы тууралуу маалыматтарды текшерүүнү тапшырды. Келип түшкөн маалыматтарга ылайык, айрым айдоочулар айына 100–140 миң сом өлчөмүндө эмгек акы алуу үчүн эртең мененки саат 07:00дөн түнкү саат 00:00гө чейин иштеп жатышат. Бул маалыматтарды текшерүү жана эмгек менен эс алуунун белгиленген режиминин сакталышын камсыз кылуу милдети коюлду.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча муниципалдык ишкананын жаңы жетекчилигине айдоочу кызматтарына чет өлкөлүк жарандарды тартуу маселесин ыкчам иштеп чыгуу, аларды жумушка кабыл алуунун шарттарын изилдөө, ошондой эле коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн шаардык кызматтардын кызматкерлеринин арасынан айдоочулардын резервин түзүү тапшырылды.