Саат 17:00гө карата «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын абоненттеринин 91 пайызы жылытууга кошулду. Калган абоненттерди жылытуу системасына кошуу иштери уланууда.
Жылытуу мезгили башталган учурда система жылуулук алып жүрүүчү суу менен акырындык менен толтурулуп, адистер жабдууларды этап-этабы менен ишке киргизип, жөнгө салышат. Бул процесс белгилүү бир убакытты талап кылат. Ошондуктан системаны жөнгө салуу жана жабдуулардын иштешин текшерүү үчүн убакыт керек. Бул мезгилде ысык суу менен камсыздоодо убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.
«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.
Эгерде батирде же үйдө жылуулук жок болсо, жабдуулар иштебей калса же жылуулук менен камсыздоого байланыштуу башка көйгөйлөр жаралса, тургундар ишкананын күнү-түнү иштеген диспетчердик кызматына төмөнкү телефондор аркылуу кайрыла алышат:
* 0701 77-71-10;
* 0312 21-29-06.