Бишкек шаарында бүгүнтөн тарта   жылуулук берүү иштери башталды.

Саат 17:00гө карата «Бишкекжылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын тейлөөсүндөгү объектилердин 52 пайызы жылытууга кошулду. Абоненттерди жылытуу системасына кошуу иштери уланууда.

Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Экинчи кезекте буга чейин керектелген жылуулук энергиясы үчүн карызы жок жана объектилеринин кышкы шарттарда иштөөгө даярдыгы тууралуу актысы бар турак үйлөргө, өнөр жай ишканаларына жана башка мекемелерге жылуулук берилет.

Жылуулук бериле баштагандан кийин адистер жабдуулардын иштешин текшерип, жылуулук менен камсыздоо параметрлерин жөнгө салышат жана жылуулуктун система боюнча бирдей бөлүштүрүлүшүн камсыз кылышат.

Жылытуу системасына кошуу учурунда түтүктөр ысык суу менен акырындык менен толтурулуп, адистер үйлөрдөгү жабдууларды этап-этабы менен ишке киргизип, жөнгө салышат. Бул процесс убакытты талап кылат. Ошондуктан системаны жөнгө салуу жана жабдууларды текшерүү иштери бир нече күнгө созулушу мүмкүн. Бул мезгилде ысык суу менен камсыздоодо убактылуу үзгүлтүктөр болушу ыктымал.

«Бишкекжылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы шаар тургундарын жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Эгерде кандайдыр бир мүчүлүштүктү байкасаңыз же жылуулук менен ысык суу узак убакытка берилбей жатса, ишкананын байланыш борборуна төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууну өтүнөбүз:

- 0557 61-11-66;
- 0777 61-11-66;
- 0701 61-11-66;
- 0312 61-11-69;
- 1980 — «Кыргызтелеком» ААКсынын абоненттери үчүн акысыз чалуу.