Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Кыргыз Республикасынын Президентинин шахмат боюнча Кубогунун шаардык этабынын - Бишкек шаарынын мэринин Кубогунун жеңүүчүлөрүн жана байгелүү орундардын ээлерин сыйлады.

Мелдеш 24–25-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өтүп, ага 146 жаш шахматчы катышты. Алардын 87си эркек балдар, 59у кыздар болду. Катышуучулар 6, 8, 10, 12, 14, 16 жана 18 жашка чейинки жети курактык категория боюнча күч сынашты.

Турнирдин негизги максаты - Кыргыз Республикасынын эң күчтүү жаш шахматчыларын аныктоо. Ошондой эле мелдеш балдар жана жаштар арасында шахматты жайылтууга, жаш спортчулардын чеберчилигин жогорулатууга, райондордон жана шаарлардан тартып республикалык деңгээлге чейин катышуучуларды тандоонун ачык-айкын жана ырааттуу системасын түзүүгө, өлкөнүн бардык аймактарынан, Бишкек жана Ош шаарларынан келген спортчулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган.

Шахмат ойноо балдардын логикалык жана стратегиялык ой жүгүртүүсүн, эс тутумун, көңүлүн топтоо жөндөмүн өнүктүрүп, туура чечим кабыл алуусуна өбөлгө түзөт.

6 жашка чейинки эркек балдар арасында:

* 1-орун - Алинур Алтымышов (7 упай);
* 2-орун - Диас Сатабалдиев (5 упай);
* 3-орун - Рамир Кан (4,5 упай).

6 жашка чейинки кыздар арасында:

* 1-орун - Айзирек Нурканова (5 упай);
* 2-орун - Курманжан Нурланова (4 упай);
* 3-орун - Асылай Мырзакеримова (4 упай).

8 жашка чейинки эркек балдар арасында:

* 1-орун - Эльдар Ишматов (6 упай);
* 2-орун - Торогелди Карыбаев (5,5 упай);
* 3-орун - Руслан Назаров (5 упай).

8 жашка чейинки кыздар арасында:

* 1-орун - Мээрим Асанбаева (6,5 упай);
* 2-орун - Амелия Федюк (4 упай);
* 3-орун - Рейна Аспекова (3 упай).

10 жашка чейинки эркек балдар арасында:

* 1-орун - Эрмек Дабаев (6 упай);
* 2-орун - Умар Мухамеджанов (6 упай);
* 3-орун - Эльдар Туратбеков (5 упай).

10 жашка чейинки кыздар арасында:

* 1-орун - Айша Жылдызбек (5 упай);
* 2-орун - София Тё (4,5 упай);
* 3-орун - Айлин Ташболотова (4 упай).

12 жашка чейинки эркек балдар арасында:

* 1-орун - Салман Даутов (6,5 упай);
* 2-орун - Нурислам Турусбеков (5 упай);
* 3-орун - Искендер Хусаинов (5 упай).

12 жашка чейинки кыздар арасында:

* 1-орун - Айсана Турсунбекова (6 упай);
* 2-орун - Алия Темирбекова (4,5 упай);
* 3-орун -0 Акылай Асанбаева (4,5 упай).

14 жашка чейинки эркек балдар арасында:

* 1-орун - Аскар Дуйшебеков (6,5 упай);
* 2-орун - Шабдан Аликов (5,5 упай);
* 3-орун - Исхак Мусаев (5 упай).

14 жашка чейинки кыздар арасында:

* 1-орун - Адия Аманова (5 упай);
* 2-орун - Малика Анварбекова (4 упай);
* 3-орун - Айымбике Сагындыкова (4 упай).

16 жашка чейинки эркек балдар арасында:

* 1-орун - Бексултан Болотбеков (6,5 упай);
* 2-орун - Батырхан Ли (6 упай);
* 3-орун - Баэль Сатанов (5 упай).

16 жашка чейинки кыздар арасында:

* 1-орун - Розель Аманбекова (4,5 упай);
* 2-орун - Айнура Исаева (4 упай);
* 3-орун - Жанель Касабаева (4 упай).

18 жашка чейинки эркек балдар арасында:

* 1-орун - Арслан Жунусалиев (6 упай);
* 2-орун - Аббас Апасов (4,5 упай);
* 3-орун - Курманбек Туташов (3,5 упай).

Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундардын ээлери кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты. Шаардык этаптын жеңүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Президентинин Кубогунун финалында Бишкек шаарынын атынан катышат.