«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасынын «Жаңы үйлөнгөндөрдүн бак отургузуусу» долбоорунун алкагында жаш жубайлар «Адинай» сейил багына кара кайың дарагын отургузушту.
Отургузулган дарак сүйүүнүн, үй-бүлөлүк бакубаттуулуктун жана жубайлардын жашоосундагы жаңы этаптын символу болот. Ал жаш үй-бүлө менен бирге өсүп, алардын өмүрүндөгү өзгөчө күндү жана бирге баскан жолун эске салып турат.
Долбоорго катышууну каалаган жаңы үйлөнгөндөр https://greenair.kg/bishkek сайты аркылуу арыз бере алышат же 0880 005 123 телефонуна кайрылса болот. Ал үчүн бак отургузуучу жерди тандап, керектүү маалыматтарды толтуруп, QR-код аркылуу төлөм жүргүзүү зарыл.
Урматтуу жаш жубайлар! Сиздерди долбоорго кошулуп, өзүңүздөрдүн дарагыңызды отургузууга жана Бишкек шаарын жашылдандырууга өз салымыңызды кошууга чакырабыз!



