2026-жылдын 29-октябры, саат 10:00гө карата Бишкек шаарындагы «Бишкекжылуулук тармагы» муниципалдык ишканасынын тейлөөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн 77 пайызына жакыны жылытуу системасына кошулду.

Учурда «Бишкекжылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы жылуулук системасындагы гидравликалык режимдерди жөнгө салуу жана абоненттерди жылытуу системасына бирдей шартта кошуу иштерин жүргүзүүдө.

Жылытуу системасын ишке киргизүү — убакытты талап кылган, бир нече этаптан турган татаал технологиялык процесс. Системанын ишин жөнгө салуу жана керектүү параметрлерге келтирүү үчүн белгилүү бир убакыт талап кылынат. Буга чейин маалымдалгандай, бардык керектөөчүлөрдү жылытуу системасына кошуу иштери бир нече күнгө созулат.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы турак үйлөрдү жылытуу системасына кошуу жана жылуулук менен камсыздоо системасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча иштерди улантууда. Зарыл иштер аяктаган сайын бардык абоненттер жылуулук менен камсыздалат.

Өткөн түнү ишкананын кызматкерлери шаар тургундарынан түшкөн кайрылуулар боюнча 17 жолу жерине чыгышты. Учурда кырдаалга көз салуу иштери улантылууда.

Борбор калаанын мэриясы шаар тургундарына түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.