«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы жылытуу мезгилинин алкагында отканаларды ишке киргизүү жана абоненттерди жылытуу системасына кошуу иштерин улантууда.

Саат 10:00гө карата төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишилди:

* турак үйлөрдүн 80 пайызы;

* отканалардын 99 пайызы;

* саламаттык сактоо мекемелеринин 100 пайызы;

* бала бакчалардын 98 пайызы;

* мектептердин 97 пайызы;

* жогорку окуу жайларынын 100 пайызы;

* башка бюджеттик мекемелердин 100 пайызы жылытууга кошулду.

Эскерте кетсек, керектөөчүлөрдү жылытуу системасына кошуу иштери этап-этабы менен жүргүзүлөт. Биринчи кезекте саламаттык сактоо мекемелерине, бала бакчаларга, мектептерге жана башка социалдык мааниге ээ объектилерге жылуулук берилет.