«Бишкек жылуулук электр борбору» муниципалдык ишканасы штаттык режимде иштеп жатат.
Станциянын орточо электр кубаттуулугу 223 МВтты түзөт.
Учурда 6 от казан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат. Ал эми 8 от казан агрегаты жана 3 турбоагрегат резервде турат.
Негизги жабдуулар белгиленген технологиялык параметрлерге ылайык иштөөдө.
Ишкана учурдагы жүктөмгө жана белгиленген иштөө режимдерине ылайык электр жана жылуулук энергиясын туруктуу өндүрүүнү улантууда.