2026-жылдын 28-октябрында Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен Кыргыз улуттук «Манас» театрында «Коопсуз үй-бүлө — коопсуз өлкө» аттуу форум өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, Ленин районунун башчысынын орун басары Нурсултан Бейшенбек уулу, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс ажы Ибраев, мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана диний кызматкерлер катышты.

Форумдун негизги максаты — үй-бүлө институтун бекемдөө, үй-бүлөлүк зомбулуктун жана жашы жете электер арасындагы укук бузуулардын алдын алуу, жоопкерчиликтүү ата-энелик маданиятты калыптандыруу жана балдардын укуктарын коргоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, жаш муундарды тарбиялоо, үй-бүлөлүк чыр-чатактардын алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Форумда темага ылайык видеоролик көрсөтүлүп, театрлаштырылган көрсөтүү тартууланды. Ошондой эле Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери тарабынан жазылган ыр окулду.

Катышуучулар зомбулуктун алдын алуу жана үй-бүлөдө жагымдуу чөйрөнү калыптандыруу жаатында мамлекеттик органдардын, укук коргоо түзүмдөрүнүн жана коомчулуктун биргелешип иш алып баруусу маанилүү экенин белгилешти.

Форумдун жыйынтыгында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жашы жете электердин укуктарын коргоо жана коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле мекемелер аралык кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча артыкчылыктуу багыттар аныкталды.

Мындай иш-чараларды өткөрүү үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөгө, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатууга жана ар бир бала үчүн коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган.