2026-жылдын 28-октябрында И. Раззаковдун мемориалдык үй-музейинде Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Исхак Раззаковдун   116 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.

Иш-чара Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн, экономикасынын, илим-билиминин жана маданиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон инсан тууралуу тарыхый эстутумду сактоого багытталды.

Эскерүү кечеге Исхак Раззаковдун кызы Эльмира Раззакова, «Рефал» окуу-тарбия комплексинин окуучулары, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана А. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери, ошондой эле «Кемин жаштар кеңеши» жаштар кеңешинин ыктыярчылары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө «И. Раззаковдун келечекке каты» аттуу чыгарма окулуп, «Рефал» комплексинин окуучулары концерттик программа тартуулашты. Кече үй-музей боюнча экскурсия менен жыйынтыкталып, анын катышуучулары көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин өмүрү жана ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Эскерүү кечеси Исхак Раззаковдун жаркын элесине таазим кылуунун белгиси болду. Анын бай мурасы жаш муундарды Мекенди сүйүүгө, тарыхты урматтоого жана өз элине ак кызмат кылууга шыктандырып келет.