2026-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында капиталдык курулуш объектилеринде, анын ичинде курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйлөрдө жана пайдаланууга берилген имараттарда өрт коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча жыйын өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгынын, Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин, Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана курулуш компанияларынын жетекчилери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө курулуш объектилеринде өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо, өрт кырсыктарынын алдын алуу, өрт өчүрүү каражаттарынын даярдыгы, өрткө каршы коргоо системаларынын ишке жарамдуулугу жана эвакуациялык жолдордун белгиленген талаптарга шайкештиги талкууланды.
Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды өз убагында жоюуга, алдын алуу иштерин күчөтүүгө жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча конкреттүү чараларды көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйындын негизги максаты — курулуш объектилериндеги өрт коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, мамлекеттик органдар менен курулуш уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын өмүрүн коргоо.





