2026-жылдын 3-ноябрында саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы: Ак-Босого конушу

“Ак-Босого-1” жана “Ак-Босого-2” суу топтомолорунда жана шаардык суу түтүк тармактарында профилактикалык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулат.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы келтирилген  ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

“Менин шаарым” тиркемесин жүктөп алып, ичүүчү суунун пландуу жана авариялык өчүрүүлөрү тууралуу билдирмелерди алып туруңуз.