Тоголок Молдо атындагы № 71 жалпы билим берүү мектебинде кыргыздын көрүнүктүү драматургу Бексултан Жакиевдин 90 жылдыгына арналган театрлаштырылган иш-чара жана ачык сабактар өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында окуучулар жазуучунун бай чыгармачылык мурасы, өмүр жолу жана чыгармачылыгы, кыргыз адабиятынын жана улуттук маданияттын өнүгүшүнө кошкон зор салымы менен таанышышты.
Өзгөчө көңүл драматургдун чыгармаларынын негизинде даярдалган театрлаштырылган көрсөтүүлөргө бурулду. Окуучулар анын чыгармаларынан үзүндүлөрдү сахналаштырып, өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн, артисттик чеберчилигин жана театр искусствосуна болгон кызыгуусун көрсөтүштү.
Ачык сабактарда Бексултан Жакиевдин чыгармачылыгынын кыргыз адабиятындагы орду, элдин руханий жана маданий өнүгүшүнө кошкон салымы, ошондой эле анын чыгармаларынын өсүп келе жаткан муун үчүн баалуулугу кеңири чагылдырылды.
Мындай иш-чараларды өткөрүү окуучулардын улуттук адабиятка болгон кызыгуусун арттырууга, маданий мурасты сактоого, адеп-ахлактык баалуулуктарды, патроиоттук сезимди жана кыргыз элинин көрүнүктүү өкүлдөрүнө болгон урмат-сыйды калыптандырууга өбөлгө түзөт.

