«Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы Бишкек шаарынын аймагындагы бак-дарактарды санитардык бутоо иштерин жүргүзүүдө.
Иштер борбор калаанын бардык райондорунда аткарылууда.
Иштин жүрүшүндө адистер дарактын негизги сөңгөгүнүн өсүшүнө тоскоолдук жараткан куураган бутактарды кыркышат. Кесилген жерлер дарактарды ар кандай оорулардан коргоо максатында атайын боёк менен сырдалат. Ал эми кесилген бутактар кайра иштетилип, жер семирткич катары колдонулат.
Мындан тышкары, «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы көп жылдан бери шаардагы куураган жана кулап кетүү коркунучу бар дарактарды аныктап, аларды алып салуу иштерин жүргүзүп келет. Мындай дарактар катуу шамал учурунда кулап, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, турак үйлөргө жана башка мүлккө зыян келтириши мүмкүн.
2023-жылы авариялык абалдагы дарактарга байланыштуу 70 учур катталган. 2024-жылы бул көрсөткүч 125ти, 2025-жылы 53тү түзгөн. Ал эми 2026-жылдын бүгүнкү күнүнө карата мындай 38 учур катталды. Мындай учурлардын санын мындан ары азайтуу максатында алдын алуу иштери улантылууда.
Дарактардын жоон сөңгөктөрү жана кесилген жыгачтары таштанды полигондоруна ташталбастан, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилет.
Белгилей кетсек, бак-дарактар жылына эки жолу — жазында жана күзүндө бутоону жана үзгүлтүксүз кароону талап кылат. Тиешелүү кам көрүлбөсө, дарактардын табигый туруктуулугу төмөндөп, ооруларга чалдыгуу коркунучу жогорулайт жана аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө туруштук берүүсү начарлайт.
Бак-дарактарга үзгүлтүксүз кам көрүү алардын саламаттыгын сактоого, шаардагы жашыл аймактарды коргоого жана шаар тургундарынын коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.




