2026-жылдын 30-октябрына карата Бишкек шаарынын көп кабаттуу турак үйлөрүн жылуулук менен камсыздоо системасына кошуу иштери уланууда.

Саат 09:00гө карата борбор калаадагы 1 931 көп кабаттуу турак үйгө жылуулук берилди. Бул жалпы үйлөрдүн 98 пайызын түзөт.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы жылуулук системасындагы гидравликалык режимдерди жөнгө салуу жана абоненттерди жылытуу системасына бирдей деңгээлде кошуу иштерин улантууда.

Мындан тышкары, «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы менен биргеликте Куруучулар шаарчасындагы, Энергетиктер шаарчасындагы жана Учкун кичи районундагы турак үйлөрдү жылуулук менен камсыздоо системасына кошуу иштерин жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата эки ишкананын биргелешкен аракетинин натыйжасында аталган аймактардагы 67 турак үй жылуулук системасына кошулду. Белгилей кетсек, жылуулук менен камсыздоо системасын борбордон ажыратуу иштеринин алкагында бул аймактар «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын карамагына өткөрүлүп берилген.

Жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле жасап, сабырдуулук көрсөтүүңүздөрдү өтүнөбүз!