«Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасы жылытуу мезгилинин алкагында отканаларды ишке киргизүү жана абоненттерди жылуулук менен камсыздоо системасына кошуу иштерин улантууда.
Саат 10:00гө карата отканаларды ишке киргизүү жана объектилерди жылуулук менен камсыздоо көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй:
- Отканаларды ишке киргизүү — 99%;
- Саламаттык сактоо мекемелери — 100%;
- Балдар бакчалары — 100%;
- Мектептер — 98%;
- Жогорку окуу жайлары — 100%;
- Башка бюджеттик мекемелер — 100%;
- Турак үйлөр — 99%.
Жылуулук менен камсыздоо системасына кошула элек калган объектилерди туташтыруу иштери уланууда.