Ч. Айтматов атындагы №117 жалпы билим берүү мектебинде 4-класстын окуучулары арасында «Коопсуздукту коргоочу жаштар» аттуу командалык кароо-сынак болуп өттү. Иш-чара балдардын коопсуз жүрүм-турум маданиятын калыптандырууга, жол кыймылынын эрежелери, ден соолукту сактоо жана өрт коопсуздугу боюнча билимдерин бекемдөөгө багытталды.
Сынакка окуучулардан түзүлгөн 11 команда катышып, алар үч багыт боюнча күч сынашты: «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» (ЖКЖИ), «Айболиттин жаш достору» (АЖД) жана «Жаш өрт өчүрүүчүлөр» (ӨКМ).
Ар бир багыт коопсуздуктун маанилүү аспектилерин камтыды. Алар жол кыймылынын эрежелерин сактоо, ден соолукка кам көрүү, жеке гигиена, алгачкы медициналык жардам көрсөтүү, өрт коопсуздугу жана коопсуз эвакуация эрежелери болду.
Кароо-сынак беш этаптан турду. Катышуучулар команданын ураанын жана чакырыгын тааныштырып, саптык даярдыгын көрсөтүштү, эмблемасын жана формасын сунушташты, тандалган багыт боюнча коопсуздук эрежелерин билерин далилдешти. Ошондой эле кырдаалдык тапшырмаларды чечүүгө арналган чакан сахналык көрүнүштөрдү көрсөтүштү.
Сынактын жыйынтыгында жеңүүчүлөр дипломдор жана грамоталар менен сыйланышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулардын жоопкерчилигин, тартибин, бири-бирине жардам берүү сезимин, командалык иштөө жөндөмүн жана кооптуу кырдаалдарда туура аракеттенүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Мындай иш-чаралар балдардын күнүмдүк жашоодо коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн калыптандырууга, жол, өрт жана жеке коопсуздук боюнча билимдерин жогорулатууга, ошондой эле тиешелүү кызматтардын адистерине урмат-сый менен мамиле кылууга тарбиялоого өбөлгө түзөт.
«Коопсуздукту коргоочу жаштар» кароо-сынагынын экинчи этабы 2026-жылдын ноябрь айында Ч. Айтматов атындагы №117 мектептин базасында өткөрүлөт.
Аталган кароо-сынак балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого, өзүнүн жана айланадагылардын коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууну калыптандырууга багытталган профилактикалык иштердин маанилүү бөлүгү болуп саналат.






