Токтогул Сатылганов атындагы адабий музейде кыргыз элинин залкар акыны, төкмөлүк өнөрдүн көрүнүктүү өкүлү Токтогул Сатылгановдун туулган күнүнө арналган маданий-адабий иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага № 11 мектептин 5-классынын окуучулары, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери жана № 95 лицейдин 2-курсунун студенттери катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын ардактуу коноктору катары Кыргыз Республикасынын эл акыны Карбалас Бакиров, жаш акын Жуса Касиетов, санжырачы Каныбек Казыбеков жана Токтогул Сатылгановдун чөбөрөсүнүн келини Жамиля Токтогулова катышты.
Коноктор акындын өмүр жолу жана чыгармачылыгы, анын кыргыз элинин руханий маданиятындагы орду жана мааниси тууралуу ой бөлүшүп, жаш муундарга акыл-насааттарын айтышты.
Программанын алкагында катышуучулар «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү аткарып, Токтогул Сатылгановдун ырларын көркөм окушту. Ошондой эле комуздун коштоосунда музыкалык чыгармалар жаңырды. Окуучулар менен студенттер өз өнөрлөрүн тартуулап, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Алар кыргыз элинин бай руханий мурасын даңазалашты.
Иш-чаранын соңунда активдүү катышуучуларга ыраазычылык билдирилип, ардак грамоталар тапшырылды.
Мындай маданий иш-чаралар залкар акындардын мурастарын сактоого, жаш муундарды улуттук баалуулуктарды урматтоого, мекенчилдикке жана руханий маданиятка тарбиялоого зор салым кошот.
Иш-чаранын негизги максаты — акындын бай адабий мурасын кеңири жайылтуу, улуттук маданиятты сактоо жана жаш муундардын кыргыз адабиятына, салттуу музыкасына болгон кызыгуусун арттыруу.







