Бүгүн, 2026-жылдын 30-октябрында, Бишкек шаарында майыптыгы бар адамдар арасында шахмат боюнча IV Азия чемпионатынын алкагында иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастан Бекешев, Кыргыз Республикасынын Шахмат союзунун президенти Аида Салянова, ошондой эле спортчулар жана шахмат федерацияларынын өкүлдөрү катышты.
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев эл аралык деңгээлдеги мындай мелдештердин борбор калаада өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Ар кайсы өлкөлөрдөн келген шахматчылардын бүгүн Бишкекке чогулуп, Азия чемпионатынын дал ушул борбор калаабызда өтүп жатканы биз үчүн чоң сыймык. Бул шаарды өнүктүрүүнүн жана эл аралык байланыштарды чыңдоонун маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири.
Бишкек мэриясы мындай иш-чараларды ар дайым колдоого даяр. Мындан ары да бардык жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган долбоорлорду кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө аракет кылабыз.
Бардык катышуучуларга ийгилик каалайм. Күчтүүсү жеңишке жетсин!» — деди мэр.
Мелдешке Азиянын алты өлкөсүнөн 51 шахматчы катышууда. Алардын арасында эки эл аралык мастер жана бир ФИДЕ мастери бар.
Мелдештер эркектер, аялдар, өспүрүмдөр жана кыздар арасында өткөрүлүп, спортчулар көрүү, угуу жана кыймыл-аракет таяныч системасынын бузулушуна жараша үч категория боюнча күч сынашууда.
Майыптыгы бар адамдар арасында шахмат боюнча IV Азия чемпионаты 2026-жылдын 8-ноябрына чейин уланат.
















