8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат.
Веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт.
Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо комплексинин жанында.
Катышуучуларды каттоо саат 08:30дан 09:45ке чейин Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында жүргүзүлөт.
Веложүрүшкө байланыштуу саат 09:45тен 10:30га чейин А. Токомбаев проспектисинин түндүк тарабындагы жолдун батыш багыты боюнча унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Ушуга байланыштуу айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландап алууну суранабыз.
Бардык каалоочуларды веложүрүшкө катышууга, таңды сергек маанайда тосуп, 2026-жылдын велосезонун биргеликте жыйынтыктоого чакырабыз!
