Бишкек шаарынын мэриясы уюмдарды, мекемелерди жана шаар тургундарын маалыматтык жана жарнамалык материалдарды даярдоодо Бишкек шаарынын расмий логотибин колдонууга чакырат.
Логотипти басма жана санариптик материалдарда, социалдык тармактарда, тышкы жарнамаларда жана башка маалыматтык ресурстарда жайгаштырууда анын бекитилген үлгүсүн өзгөртпөстөн, бурмалабастан жана айрым элементтерин алмаштырбастан колдонууну өтүнөбүз.
Шаардын расмий символикасын туура колдонуу бирдиктүү визуалдык стилди сактоого жана Бишкек шаарын маалымат мейкиндигинде туура көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.
Бишкек шаарынын мэриясы шаарга байланыштуу материалдарды даярдоодо жана жайылтууда бул маалыматты эске алууну өтүнөт.
Бишкек шаарынын расмий гербин төмөнкү шилтемеден жүктөп алууга болот:
https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%93%D0%B5%D1%80%D0%B1_%D0%91%D0%B8%D1%88%D0%BA%D0%B5%D0%BA%D0%B0