Бишкек шаарынын мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Шабдан Баатыр көчөсүнүн (мурдагы Лев Толстой көчөсү) кесилишиндеги жол өтмөгүнүн дубалы өзүнөн-өзү түшүп жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирет.

Айрым маалымат каражаттары, анын ичинде «Тандыр медиа», «24.KG» жана башка басылмалар тараткан сүрөт-видеолордо дубалдын бир гана бөлүгү көрсөтүлүп, окуянын толук жагдайы чагылдырылган эмес.

Жалпыга маалымдоо  каражаттарынын өкүлдөрүн такталбаган маалыматтарды таратпоого, окуянын чыныгы жагдайларын бурмалабоого жана коомчулукту адаштырбоого чакырабыз.

2026-жылдын 29-октябрында саат 03:07 чамасында аталган жерде жол кырсыгы катталган. Алдын ала маалымат боюнча, Honda CR-V үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол өтмөгүнүн дубалын сүзгөн. Натыйжада дубалдын сыртынын бир бөлүгү жабыркаган. Окуядан кийин айдоочу өзү Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына кайрылып, жол кырсыгы каттоого алынган.

Соккунун күчүнө карабастан, айдоочу жабыркаган эмес. Дубалдын сырткы конструкциясы соккунун кесепеттерин жумшартууга жардам берген. Эгер унаа бетон дубалды  сүзгөндө, анын кесепети кыйла оор болушу мүмкүн эле.

Учурда жабыркаган бөлүктү калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.