2026-жылдын 31-октябрында Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде Бишкек шаарынын мэринин салттуу Кубогунун 2026-жылдагы салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Мелдешке муниципалдык администрациялардын, аларга караштуу түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана мекемелердин, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык ишканалардын кызматкерлери катышууда.
Мелдешти Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев салтанаттуу түрдө ачты. Калаа башчысы өз сөзүндө муниципалдык кызматкерлер арасында спорт маданиятын өнүктүрүүнүн, ден соолукту чыңдоонун жана командалык ынтымакты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
«Биз баарыбыз биргеликте Бишкек шаарында спорттук инфраструктураны түзүү боюнча чоң иштерди аткардык. Көптөгөн спорттук объектилер жана аянтчалар курулду. Алардын ар биринин артында сиздердин эмгегиңиздер турат. Жаңы объектилерди куруу менен гана чектелбестен, аткарылган иштердин сапатына да өзгөчө көңүл буруу зарыл. Анткени курулган спорттук жайлар шаарга жана анын тургундарына узак жылдар бою кызмат кылышы керек.
Ошол эле учурда өзүңүздөр да спорт менен активдүү машыгып, ден соолугуңуздарды чыңдап, айланаңыздагыларга үлгү болушуңуздарды каалайм. Мелдеште күчтүүлөр жеңишке жетсин!» — деп белгиледи мэр Айбек Джунушалиев.
Мэрдин Кубогу — бул спорттук мелдеш гана эмес, ошондой эле командалык духту бекемдөөгө, корпоративдик маданиятты өнүктүрүүгө, сергек жашоо образын жайылтууга жана муниципалдык уюмдардын жамааттарынын ынтымагын арттырууга багытталган иш-чара.
Быйыл мелдеш он алтынчы ирет өткөрүлүүдө. Катышуучулар спорттун сегиз түрү боюнча күч сынашат. Алар: кичи футбол, волейбол, стол тенниси, шахмат, дартс, аркан тартыш, ок атуу жана бильярд.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында спорттук объекттин аймагына 15 түп ясень көчөтү отургузулду.










