2026-жылдын 31-октябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардык «Жашыл шаар» конкурсунда биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды жеке өзү тапшырды.
Алгач борбор калаанын мэри Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан «Тулпар» турак жай ээлеринин шериктештигинин (ТСЖ) короосуна барды. Аталган короо «Эң мыкты жашыл короо» номинациясында биринчи орунду ээлеген. Жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификат тапшырылды.
Ошондой эле мэр Биринчи Май районундагы «Көлмө» конушунун Теңдик көчөсүнө барды. Бул көчө «Конуштардагы эң мыкты жашыл көчө» номинациясында жеңүүчү деп табылган. Көчөнүн тургундарына да 200 миң сомдук акчалай сертификат тапшырылды.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Айбек Джунушалиев шаар тургундарына демилгелүүлүгү, ынтымагы жана шаарына болгон кайдыгер эмес мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди. Ал короо-жайларды көрктөндүрүү, көчөлөрдү жашылдандыруу жана шаарда жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү көп жагынан шаар тургундарынын өздөрүнүн активдүү катышуусунан көз каранды экенин белгиледи.
Мындан тышкары, борбор калаанын мэри конкурсту мындан ары да өнүктүрүү пландары тууралуу маалымдады. Эгерде 2026-жылы сынакты өткөрүүгө 2,8 млн сом каралган болсо, 2027-жылы бул сумманы 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда.
Ошондой эле мэр ар бир номинация боюнча биринчи орун үчүн берилүүчү акчалай сыйлыктын өлчөмүн 200 миң сомдон 500 миң сомго чейин жогорулатуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.
«Жашыл шаар» конкурсц борбор калаанын жашыл аймактарын сактоого жана көбөйтүүгө, көрктөндүрүү маданиятын өнүктүрүүгө, ошондой эле шаар тургундарын шаардык чөйрөнү өзгөртүүгө активдүү катышууга тартууга багытталган.
Бул демилге шаар тургундарын жалпы максаттын айланасына бириктирип, Бишкекти жашыл, көрктүү жана жашоого ыңгайлуу шаарга айландырууга өбөлгө түзөт.















