2026-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын аймактар аралык кызматташтыгынын II форумунун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы менен Алматы шаарынын акиматы 1997-жылдын 12-декабрындагы боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча 2026–2030-жылдарга карата иш-чаралар планын кабыл алышты.

Документ эки шаардын боордоштук мамилелерин мындан ары чыңдоого жана практикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган. Планда соода-экономикалык, инвестициялык, илимий-техникалык жана гуманитардык багыттарда биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу, муниципалдык башкаруу, архитектура, шаар куруу, транспорт, санариптештирүү жана турак жай-коммуналдык чарба тармактарында тажрыйба алмашуу каралган.

Ошондой эле маданий, билим берүү, жаштар жана спорт багыттарындагы байланыштарды өнүктүрүүгө, шаардык чөйрөгө заманбап чечимдерди жана алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Иш-чаралар планын ишке ашыруу эки тараптуу кызматташтыкты жандандырууга, шаардык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, шаардык чөйрөнүн сапатын жакшыртууга жана Бишкек менен Алматынын туруктуу өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө өбөлгө болот.