2026-жылдын 31-октябрында 98 жаш курагында Ленинград блокадасынын жашоочусу, оор турмуш жолун басып өткөн, кайраттуулуктун, чыдамкайлыктын жана эмгекчилдиктин үлгүсүн көрсөткөн Тольская Галина Ивановна дүйнөдөн кайтты.

Галина Ивановна 1929-жылдын 1-сентябрында Ленинград шаарында төрөлгөн.

Анын балалык жылдары Улуу Ата Мекендик согуштун оор мезгилине туш келген. 1942-жылы Ленинград блокадасы учурунда туулуп-өскөн шаарынан эвакуацияланган.

Согуш аяктагандан кийин эмгек жолун улантып, 1947-жылы Ташкент шаарындагы Сталин атындагы текстиль комбинатынын кампасында эсепчи болуп иштей баштаган.

1960-жылы Фрунзе шаарына көчүп келип, пластмасса буюмдарын чыгаруучу заводдо бухгалтер болуп эмгектенген. Орто техникалык билимге ээ болгон.

Согуш жылдарындагы оор сыноолорду башынан өткөргөнү жана блокададагы Ленинград шаарынын тургуну болгону үчүн Галина Ивановна «Блокададагы Ленинграддын тургуну» төш белгиси менен сыйланган.

Галина Ивановна Тольскаянын дүйнөдөн кайтышы   орду толгус жоготуу. Анын басып өткөн өмүр жолу, үзүрлүү эмгеги жана кайраттуулугу тарыхый эс тутумда түбөлүк сакталат.

Бишкек шаарынын мэриясы Галина Ивановна Тольскаянын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Алардын аза кайгысын тең бөлүшөт.

Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.