Бишкек шаарынын Ленин районунда Купянская көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Космическая көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Космическая көчөсүнүн Д. Садырбаев көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери аяктап, жолдор пайдаланууга берилди.
Жол куруу иштери 2026-жылга бекитилген титулдук тизмеге ылайык жүргүзүлдү. Курулган жол тилкелеринин жалпы узундугу 1 585 метрди түзөт.
Долбоорду ишке ашыруу тургундар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз жүрүү шарттарын түзүүгө, ошондой эле райондун жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.
Курулуш иштерин башкы подрядчы «Су-4 Кара-Балта» ЖЧКсы аткарды.



