2026-жылдын 31-октябрында Свердлов районунун башчысы Бакыт Караев аймактарды кыдырып, бир катар объектилердеги иштердин жүрүшү менен таанышты.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө район башчысы Кара жыгач токоюна барып, ЧЧКнын жээгиндеги Орозбеков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки (мурдагы Элебесов көчөсү) тилкеде сейилдөө аймагын көрктөндүрүү иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты. Ошондой эле Пионер жана Комсомол көлдөрүндө геомембрана төшөө иштеринин аткарылышы текшерилди. Мындан тышкары, ЧЧКнын жээгине жашыл көчөттөр — америкалык клен жана карагач дарактары отургузулду.
Андан соң муниципалдык администрациянын башчысы Аул жана Абдрахманов (мурдагы Элебесов) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көлмөнү текшерди. Анда негизги көңүл аймакка мыйзамсыз курулган курулуштарды жана объектилерди аныктоо маселелерине бурулду.
Көчмө иекшерүүнүн соңку объектиси Элебесов көчөсү болду. Ал жерде автомобиль жолун куруу иштеринин жүрүшү текшерилди. Өзгөчө курулуш иштеринин темпин жогорулатуу жана белгиленген мөөнөттөрдү так сактоо зарылдыгы белгиленди.
Инспекциянын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга жана подряддык уюмдарга иштерди тездетүү, алардын сапатын камсыз кылуу жана пландаштырылган иш-чараларды белгиленген мөөнөттө аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.
Свердлов административдик районунда көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана инфраструктураны өнүктүрүү багытындагы иштер туруктуу көзөмөлдө.






