«24.kg» маалымат агенттигинде Анкара көчөсүндө жайгашкан автоунааларды техникалык тейлөө станциясы  буздурулушу мүмкүн экендиги тууралуу жарыяланган маалыматка байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы иштин жагдайларын түшүндүрүүнү зарыл деп эсептейт.

Бул жерде ишкердик ишмердүүлүккө негизсиз кийлигишүү жөнүндө эмес, муниципалдык менчикти коргоо жана мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жөнүндө сөз болуп жатат.

Жер тилкесинин укуктук макамы жана аны менчикке өткөрүп берүүнүн мыйзамдуулугу соттор тарабынан беш соттук иштин алкагында бир нече жолу каралган.

Тактап айтканда, сот органдары «Алькор-Авто» ЖЧКсынын аталган жер тилкесине болгон жеке менчик укугун жокко чыгарган. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 2026-жылдын 28-апрелинде «Декар» ЖАК менен «Алькор-Авто» ЖЧКсынын ортосунда 2013-жылдын 14-майында түзүлгөн жер тилкесин сатып алуу-сатуу келишимин жараксыз деп тапкан. Аталган чечим 2026-жылдын 17-июнунда Бишкек шаардык соту тарабынан өзгөртүүсүз калтырылган.

Мындан тышкары, 2026-жылдын 15-октябрында Октябрь райондук соту мэриянын муниципалдык жер тилкесин анын үстүндө жайгашкан объектилерди буздуруу жолу менен бошотуу жөнүндөгү доо арызын канааттандырган.

Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин ал мыйзамдарда белгиленген тартипте аткарылат.

Ошондой эле 2026-жылдын 28-сентябрында Бишкек шаарынын Административдик соту Анкара көчөсү, 96 дарегинде жайгашкан жер тилкесине «ДЕКАР» ЖАКтын менчик укугун каттоону мыйзамсыз деп тапкан. Учурда аталган чечим апелляциялык тартипте даттанылууда.

Демек, мэриянын аракеттери кызмат адамдарынын субъективдүү чечимдерине эмес, мыйзамдуу негиздерге жана соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгына таянат.

Жалпыга маалымдоо каражаттарын кырдаалды объективдүү жана ар тараптуу чагылдырууга, бардык тараптардын позицияларын берүүгө жана соттук чечимдер менен тастыкталган жагдайларды эске алууга чакырабыз.

Бишкек шаарынын мэриясы ачык диалогго жана документтер менен тастыкталган маалыматтарды берүүгө даяр экендигин билдирет.