2026-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарындагы Улуттук жана стол тенниси спорт түрлөрү боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин спорт залында пенсионерлер арасында өтүп жаткан спартакиаданын алкагында стол тенниси боюнча мелдеш уюштурулду.

Мелдешке улуу муундун 25 өкүлү катышып, спорттук чеберчилигин, шамдагайлыгын жана сергек жашоого болгон умтулуусун көрсөтүштү.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери диплом, кубок жана белектер менен сыйланышты.

Мелдештин жыйынтыгы:

Аялдар арасында:
1-орун – Клара Омурзакова;
2-орун – Уулжан Дербишова.

Эркектер арасында:
1-орун – Давлетали Мамыров;
2-орун – Архимед Токтокожаев;
3-орун – Самудин Белеков.

Спартакиаданын негизги максаты – улуу муундун өкүлдөрүнүн дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна шарт түзүү, сергек жашоо образын жайылтуу жана активдүү узак жашоону колдоо.

Спартакиаданын кийинки этабы шахмат боюнча мелдеш болуп, ал 31-октябрда өткөрүлөт.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандын Пенсионерлер фондунун төрайымы Замира Шабданалиева катышты.