Бишкек шаарынын Свердлов районунда Мектеп лигасынын шаардык этабынын алкагында окуучулар арасында жеңил атлетика жана кичи футбол боюнча мелдештер өткөрүлдү.

«Алга» стадионунда 2011-жылы туулган жана андан кичүү окуучулар арасында жеңил атлетика боюнча мелдеш өтүп, ага райондогу 16 мектептин командалары катышты.

Кыздар арасында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – №12 мектеп;
2-орун – №16 мектеп;
3-орун – №46 мектеп;
4-орун – №51 мектеп.

Балдар арасында:

1-орун – №105 мектеп;
2-орун – №67 мектеп;
3-орун – №12 мектеп;
4-орун – №53 мектеп.

Мындан тышкары, 13-октябрдан 20-октябрга чейин кичи футбол боюнча мелдештер өткөрүлүп, ага 32 мектептин командасы катышты. Жалпы катышуучулардын саны 460 окуучуну түздү.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун – №38 мектеп;
2-орун – №5 гимназия;
3-орун – №16 мектеп;
4-орун – №4 мектеп.

Мектеп лигасынын шаардык этабы спорттун 13 түрү боюнча өткөрүлөт. Алардын катарына бадминтон, баскетбол, волейбол, гандбол, дартс, балдар жеңил атлетикасы, жеңил атлетика, кичи футбол, стол тенниси, пионербол, тогуз коргоол, ордо жана шахмат кирет.

Мелдештердин негизги максаты – мектеп спортун өнүктүрүү, сергек жашоо образын жайылтуу жана балдарды дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу.

Райондук мелдештердин жеңүүчүлөрү Мектеп лигасынын шаардык этабына катышуу укугуна ээ болушат.