Бишкек шаарында коомдук транспорттун ишин оптималдаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, «Биримдик Кут» конушунун тургундарынан түшкөн кайрылууларды эске алуу менен №37 автобус каттамынын кыймыл схемасына өзгөртүүлөр киргизилди.

2026-жылдын 31-октябрынан тартып №37 автобус жаңыланган схема боюнча каттап, «Биримдик Кут» конушун Курманжан Датка көчөсү менен байланыштырган транспорттук каттамды камсыздайт.

Бул өзгөртүүлөр коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, аталган аймактардын транспорттук байланышын жакшыртууга жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Борбор калаада коомдук транспорттун каттам тармагын өркүндөтүү иштери шаар тургундарынын кайрылуулары жана сунуштары эске алынуу менен улантылууда.