Майыптыгы бар адамдар үчүн «Аяр» реабилитациялык борборунда шуру тизүү аркылуу майда моториканы өнүктүрүүгө багытталган пландуу мастер-класс болуп өттү.

Иш-чара практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга, чыгармачылык жөндөмдөрдү, көңүл бурууну, чыдамкайлыкты жана кыймылдардын координациясын өнүктүрүүгө багытталды.

Сабактын жүрүшүндө катышуучулар шуру менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү менен таанышып, анын түрлөрүн жана түстөрүн айырмалоону үйрөнүштү, ошондой эле шуру тизүүнүн негизги ыкмаларын өздөштүрүштү.

Өзгөчө көңүл өз алдынчалыкты өнүктүрүүгө, өз күчүнө болгон ишенимди арттырууга, стресстик кырдаалдарды жеңүү көндүмдөрүн калыптандырууга жана чыгармачылык ишмердүүлүк аркылуу эмоционалдык жеңилдөө үчүн шарттарды түзүүгө бурулду.

Мындай сабактарды өткөрүү майда моториканы өнүктүрүүгө, чыгармачылык жөндөмдөрдү өркүндөтүүгө, социалдык адаптацияга жана майыптыгы бар адамдардын коомдук жашоого активдүү катышуусун колдоого өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, «Аяр» реабилитациялык борбору майыптыгы бар адамдарды колдоого, социалдаштырууга жана жашоо сапатын жогорулатууга багытталган өнүктүрүүчү жана реабилитациялык иш-чараларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүп келет.