Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жумушчу кыдыруунун алкагында Ленин районундагы объектилерде жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүн текшерди.

Шаар башчысы Махатма Ганди жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан гүл бакчанын, ошондой эле Айни жана Махатма Ганди көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Жеринде мэр иштердин сапатына жана уюштурулушуна байланыштуу тапшырмаларды берип, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна жана ыңгайлуулугуна, ошондой эле ага чектеш аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине өзгөчө көңүл бурду.

Айбек Джунушалиев долбоорлордун ишке ашырылышына тоскоолдук жаратышы мүмкүн болгон жеке менчик аймактарды текшерип чыгууну жана чарба жүргүзүүчү субъекттер менен алардын айланасын көрктөндүрүү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Шаар башчысы бардык иштер сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө аткарылып, калктын кызыкчылыктары эске алынышы жана шаардык чөйрөдө ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керектигин баса белгиледи.