2026-жылдын 3-октябрында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рахат Мусаева жана Ленин районунун башчысы Тариел Айтиев шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин катышуусунда Ленин районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө район тургундары шаардык инфраструктурага жана жашоо сапатына байланыштуу бир катар актуалдуу маселелерди көтөрүштү.
Атап айтканда, коомдук транспорттун иши, аялдамаларды орнотуу жана көрктөндүрүү, жолдорду куруу жана оңдоо, жер мунапысы, автобус каттамдарын уюштуруу, ошондой эле Ленин районунун тургундарын түйшөлткөн башка маселелер талкууланды.
Мэриянын өкүлдөрү шаар тургундарынын кайрылууларын угушту. Көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилерине аларды ар тараптуу карап чыгуу жана зарыл чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилди.
Мындай жолугушуулар шаар бийлиги менен тургундардын ортосундагы байланышты чыңдоого, жер-жерлердеги көйгөйлөрдү аныктоого жана аларды ыкчам чечүүгө багытталган.








